Себеп«Манас» эпосу боюнча элдик медицинада жарадар болгон жоокерлерди дарылоого колдонулган дары. С. жана Медет дарылары кан токтотуу үчүн, катуу жаралуу болгондо ооруну баса турган дары катары ичирип же жараатка сээп колдонулгандыгы айтылат. Мисалы, Саякбай Каралаевдин вариантында С. тууралуу мындайча маалымат бар:

Себеп деген дарыны

Сээп туруп салды эле,

Дарыны мынча салган соң,

Ичинде уусун алган соң,

Көк жал Манас султандын

Ооруган жери басылды,

Умачтай көзү ачылды (Саякбай Каралаев, 2. 173).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4