Себорея (латын тилинен sebum (сало) жана грек тилинен rrhea (агып атам)) — май безинин функциясынын бузулушу менен мүнөздөлгөн тери оорусу.

Себорея

Себептери түзөтүү

Адатта жыныстык жетилүү мезгилинде (14—16 жаш) жолугат. Себорея эндокрин бездеринин бузулушуна, айрыкча жыныс безинин, калкан сымал бездин бузулушуна, вегетативдик жана борбордук нерв системасы, ичеги-карын жолдорунун оорусуна дуушарлантат.

Түрлөрү түзөтүү

Анын майлуу жана кургак түрү кездешет.

Майлуу түрү түзөтүү

Майлуу түрү май бези көп жайгашкан жерде (бетте, баштын чачтуу бөлүгүндө, көкүрөктө, далыда жана башкалада) чыгат. Мында чач (түк) майланышып, жылтырап турат. Бул учурда май безинин жылчыкчалары (тешикчелери) кеңеет. Анын ордуна экземага окшош кызарган бүдүрлөр пайда болот. Андан кийин чач түшө баштайт. Себореянын кургак түрүндө май аз бөлүнөт, тери шуудурап кургап, жукарат, какач пайда болот, демейде чач түшпөйт.

Кургак себорея түзөтүү

Кургак себорея көпчүлүк учурда кычышып, тырманууга аргасыз кылат, ошондон кийин тери карттанып, өңү киргил тарта баштайт.

Дарылоо түзөтүү

Дарылануу врачтын көрсөтүүсү боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш. Оорулуу өтө чыдамкайлык менен врачтын көрсөтмөсүн так аткаруусу зарыл. Себорея менен ооругандарга ванна жана душ кабыл алуу, жайында деңиз, көлгө түшүү пайдалуу. Адатта мал майы, углевод, туз, ачуу калемпир жана башкалар чектөө менен сүт, жашылча-жемиштерден турган диета сунуш кылынат. Жатарда самындап жуунуп, эртең менен жылуу суу менен чайканып, эгерде тери майланышып турса лосьондор менен сүртүү керек. Беттеги бүдүрлөрдү алдын алуу үчүн бетти күнүгө туз кислотасынын 1 — 2%түү эритмеси, теңге гүл суюктугу, 0,5%түү нашатырь спирти, бор кислотасы менен сүртүү сунуш кылынат. Беттеги майлуу бүртүкчөлөрдү тазалоо үчүн бетти бууга кармоо (үй шартында сүлгү менен чүмкөнүп, бетти 15—20 мин. бууга кармаса болот), атайын сунуш кылынган шампунь менен сүртүнгөн дурус. Майлуу себорея менен ооругандарга жумасына бир жолу адегенде ыкчам, анан муздак суу менен жуунган жакшы таасир берет. Мындай оорулууларга ачыткы, белок маска жасаган пайдалуу. Ошондой эле майлуу чачты туура күтө билүү зарыл.,

,