Северцов кошаягы (лат. Allaсtaga severtzovi, Vinogradov (1925)):

Северцов кошаягы.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Кеңири таралган ареалдары Орто Азиянын жана Казакстандын чөлдөрү. Устюрта, Арал тегерегинде, Бетпакдалда, Балхаш тегерегинде, Түркмөнстанда, Каспий аймагында, Батыш жана Түндүк Тянңшанда, ошондой эле Фергана өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө кездешет.

Жашаган аймактары түзөтүү

Негизинен эфемер жана эфемероиддерден турган чөптүү өсүмдүктөр өскөн түздүк жарым чөлдүү жерлерде жашайт. Биздин шарттарда чополуу (ылайлуу) участкалар.

Саны түзөтүү

Биздин республикада бул түрдүн саны боюнча материалдар жок. Адабиятардан алынган маалыматтары боюнча Казакстанда кеңири таралганына карабастан анык саны бир топ төмөн. Мисалы, 10 км маршрутта 1,9-2,1 кезиккен, жайында – 3, 7 учураган.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары). Кыргызстанда кош аяктын биологиясы белгисиз. Адабияттарда берилген маалыматтарга караганда активдүү сезондук мезгили 7-8 айга жакын созулат. Жашоо тиричилигинин күүгүмдө жана түнкүсүн өткөзөт. Анча терең эмес ийиндерди казышат. Жазында ийиндеринен чыккандан кийин көбөйүүсү башталат. 26 күнгө жакын көтөрүп 2-7ни тууйт. Көбөйүү мезгили созулган. Ургаачылары майдын башында тууйт.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Маалымат жок.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Колдо кармалып багуу боюнча фактылар жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Азыркы учурда коргоого алынган чаралар белгисиз.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Мүмкүнчүлүк болсо жашаган жерлерин сактап, коргоо зарыл.

Статусу түзөтүү

VII category, Lower Risk/ least concerned, LR/ l c Кыргызстанда сейрек, аз изилденген түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү