Сегизинчи Март
Сегизинчи Март — Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы айыл. Ак-Кудук айыл аймагына кирет.
Сегизинчи Март | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Облус |
Нарын облусу |
If: |
Нарын району |
Тарыхы жана Географиясы | |
Калкы | |
Калкынын саны | |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Сегизинчи Март суунун аймагында, 1958-жылы ага Ала-Кулун, Кара-Суу, Ак-Бешим, Кара-Булак, Аянты, Үч-Булак кыштактары бириккен. Нарын дарыясынын оң жээгинде жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 63 км түндүк батышта. Рыбачье темир жол станциясынан 186 км. 1930-жылы негизделген. Калкы 1706 (1986); негизинен мал чарбачылык менен эмгектенишет. Орто мектеп, балдар бакчасы, маданият үйү, китепкана,оорукана, турмуш-тиричилик комбинаты, спорт комплекси бар.
Калкы түзөтүү
Калкы ― 2145 киши[1].
Булактар түзөтүү
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.