Селенодезия (гр. selene - Ай жана daio - бөлөм) - Айдын өлчөмү менен түспөлүн изилдөөчү илимий тармак.

Алар үч багытта жүргүзүлөт.

  • 1) Айдын инерция эллипсоидин . изилдөө анын ички түзүлүшү жөнүндө талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
  • 2) Оордук күчүнүн деңгээл беттеринин биринин параметрлери аныкталат: Айдын көлөмүнө барабар болгон көлөмдөгү деңгээл бет селеноид деп аталат. Инерция эллипсоиди менен селеноид Айдын динамикалык түспөлүн мүнөздөйт.
  • 3) Айдын тышкы бети менен аныкталуучу түспөлү анализделет; мындай түспөл геом. түспөл делет да, анын параметрлери аэрофото сүрөткө түшүрүү жана космос геоде- зиясында колдонулуучу өлчөөлөрдөй эле өлчөнөт.

Айга советтик жана америкалык «Луна», «Зонд», «Лунар Орбитер» жана «Аполлон» космос аппараттарынын учушу Ай бетинде жана Айдын айланасындагы мейкиндикте изилдоө жүргүзүүгө жардам берди.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.