Пётр Семёнов-Тян-Шанский

Семёнов-Тянь-Шанский‎»‎ барагынан багытталды)

СЕМЁНОВ-ТЯНЬ-ШАНСКИЙ, Семёнов Пётр Петрович (1827–1914) – орус географы, коомдук ишмер. Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1873). Орус география коомунун вице-төрагасы (1873–1914). Петербург университетинин табият таануу бөлүмүн бүткөн (1848). 1849-жылдан Чыгыш Европа (Орус) түздүгүн изилдеп, Географиялык коомдо иштей баштаган. 1856–57-жылы Теңир-Тоого саякат жасап, анын орографиялык схемасын түзгөн. Сарыжаз суусунун башындагы ири мөңгүлдөрдү изилдеген. Теңир-Тоо аймагынын илимий изилдөөсүнүн 50 жылдыгына байланыштуу анын фамилиясына «Тянь-Шанский» деген кошумча ат менен берилген.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.