Синтез (грек. synthesis – биригүү, айкашуу, түзүлүү) – тажрыйбалык иш-аракеттерде да, таанып-билүү процессинде да, ишке ашырала турган, нерсенин түрдүү жактарынын жана элементтеринин (бөлүктөрүнүн) бир бүтүндүккө биригүүсү.

Мында Синтез аны менен тыгыз байланышта турган анализге (нерсени аны түзүүчүлөргө ажыратуу) карама-каршы келет. Жалпысынан алганда, Синтез жеке гана адамдардын ишмердигинин негизине тиешелүү болбостон, өзүнүн элементардык формаларында жаныбарлардын жүрүм-турумун да аныктайт, а өзүнүн ар кандай техникалык ишке ашырылыштары боюнча ЭЭМдин программаларында, өзүн-өзү уюштуруучу системаларда колдонулат. Адамдын жүрүм-турумунун физиологиялык негизи мээнин аналитикалык-синтетикалык ишмердиги болуп, эсептелет.

Синтез ой жүгүртүү операциясы катары объектини түзүп турган нерселердин бөлүктөрүнө көз каранды эмес жана тарыхый жактан адамдардын коомдук-өндүрүштүк ишмердикгинин процессинде түзүлөт. Синтез таанып-билүү операциясы болгондуктан, көптөгөн формаларга ээ. Бардык түшүнүктөрдүн жаралыш процесси анализ жана С. процессинин биримдигине негизделген. Тигил же бул объектини изилдөөнүн тажрыйбалары теориялык жалпылоолордо синтезделет (бириктирилет).

Дагы кара түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү