Григорий Сковорода

Сковорода Григорий Саввич‎»‎ барагынан багытталды)

Григорий Сковорода (1722–1794) – агартуучу – демократ, философ, акын. Киев-Могилян диний академиясын бүткөн. (1738–41; 1744–50), өзү ачкан “Кыйынчылыктан чыгуу” жобосу: Сковороданын курч, таамай сөзү – “керектүү” нерсе оор эмес, оор нерсенин кереги жок. Материянын түбөлүктүүлүгүн жаратылыштын мыйзам ченемдүүлүктөрүн тааныган. Философиянын негизги маселесин чечүүдө материализм менен идеализмдин ортосунда турса да, материализмге көбүрөөк оогон, тактап айтканда Сковородага дуализм мүнөздүү. Барын камтуучу «үч дүйнө» концепциясын түзгөн: «макрокосм» (табият) «микрокосм» (адам) жана ал экөөнү бириктирген «символдор дүйнөсү». Ар-бири «ички» (рух, дух) жана «сырткы» (материалдык) нерседен турат. Тирүүсүндө жарык көрбөгөн кол жазмалары: «Эзоптун тамсилдери», «Жашоодогу чыныгы бакыт жөнүндө үч жолоочунун аңгемеси», «Жан дүйнө жөнүндө сырдашуу» ж. б.

Григорий Сковорода.

Колдонулган адабияттар түзөтүү