Сманалиев Абдылдабек (1925, Панфилов району, Орто-Кайырма айылы — 1992, Бишкек ш.) — гримдөөчү-сүрөтчү. Кыргыздардан чыккан туңгуч гримдөөчү. Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген кызматкери (1978).
1953-ж. Н. Островский атындагы Ташкен мамлекеттик театр өнөр институтуну актёрдук бөлүмүн, МХАТ-тын астындагы гримдөөчүлөрдүн курсун бүтүргөн.
1953-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында адегенде артист, анан гримдөөчүсү-сүрөтчү, 1989-жылдан Жаштар театрында гримдөөчү-сүрөтчү болуп иштеген. Ошол эле убакта искусство институтунда сабак берген. Анын гримдөөсүнүн касиети артистин өңү-башын боёк менен гана толтурбан, анын аткарган ролунуи мүнөзүнө ылайык кейип бере алгандыгында.
Актёр катары Ф. Шиллердин «Жүзүкаралык жана сүйүү» спектаклинде Гримердин, М. Алыбаевдин «Курорттогу окуясында» Бөдөшбектин, К. Жантөшевдин «Каныбегинде» Өмүрдүн ролун жана башка ойногон. «Отелло» (У. Шекспир), «Любовь Яровая» (К. Тренев), «Бийик жерде» (К. Маликов), «Эзоп» (Г. Фигерейдо), «Анна Каренина» (Л. Толстой), «Кремль куранттары» (Н. Погодин), «Үй-бүлө» (И. Попов), «Король Лир» (У. Шекспир), «Курманбек» (К. Жантөшев), «Саманчы жолу», «Бетме-бет» (Ч. Айтматов) жана башка спектаклдерде ойногон артисттерди гримдеген. «Сырдуу көрүнүштөр» (1976), «Гримдөө чеберчилиги» (1989) аттуу китептери бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек, 1994-ж.