Согд облусу - Тажикстанда, 1970-ж. 23-декабрда уюшулган түндүктөгү облус. Совет доорунда Ленинабад облусу деп аталган. Кыргызстан жана Өзбекстан менен чектешет.

Согд облусу
Өлкө

Тажикстан

Административдик борбор

Кожент (Хужанда)

Башчысы

Абдурахмон Кодири

Расмий тили

Тажик тили

Калкы

2 508 500

Жыштыгы

98,8 адам/км²

Улуттук курамы

тажиктер — 84,0 %, өзбектер — 14,76 %, орустар — 1,3 %, кыргыздар — 0,58 %

  • Башкалар: 1 969 - 0.71 %

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Коду ISO 3166-2

TJ-SU

Индекси FIPS

TI03

Телефон коду

+992 3422

Аянты 25 400 км2.
Калкы 2 508 500 (2016). Облуста 14 район, 8 шаар, 22 ш. т. ири кыштагы бар.

Борбору — Кожент (тажикче: Хужанда) ш. Л. о. респ-канын түн. бөлүгүнөн орун алган.
Түндүгүндө Курама (бийикт. 3769 метрге чейин), Могол-Тоо (1624 м), түштүгүндө Түркстан (5509 м), Заравшан (5489 м) ж-а Гиссар (Ысар) кырка тоолору жатат.

Кура­ма м-н Түркстан кырка тоолорунун ортосунда Баргана өрөөнү, Заравшан м-н Түркстандын ортосунда Заравшан өрөөнү жайгашкан. Климаты континенттик, кургак.
Январдын орт. температурасы — 1,1°С,— 9°С, июлдуку 15—28°С; жылдык жаан-чачыны 150—800 мм.

Ири дарыясы: Сыр-Дарыя, Заравшан. Чоң көлдөрү: Искендер-Көл, Өксүкөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4.

Лактация - Пиррол. -656 б.