Спорттук медицинамедицинанын дене тарбия менен спорттун организмге тийгизген таасирин изилдөөчү бөлүгү.

Максаты түзөтүү

Анын негизги максаты — дене тарбиялык көнүгүүлөрдүн адамдын ден соолугун чыңдоо, эмгекке жөндөмдүүлүктү жогорулатуу жана өмүрдү узартууда тийгизген таасирин изилдөө. Спорттук медицина системаларындагы морфологиялык, физиологиялык жана биохимиялык өзгөрүүлөрдү, ошондой эле физкультура менен спорттун гигиенасын, спорттон болуучу кырсыктарды изилдеп, анын алдын алуу, дарылоо ыкмаларын иштеп чыгат. Спорттук медицина спорт менен туура эмес машыгуудан болгон патологиялык өзгөрүүлөрдү да үйрөнүп, аны болтурбоо чараларын иштеп чыгат.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8