Стратон Лампаскадан (б. з. ч. 269/268) – байыркы грек философу. Стратон 287/286 Афиныда перипатетиктердин мектебин башкарган. Анын 40тан ашыгы логика, этика, физика, физиология жана психология боюнча көп эмес фрагменттерде сакталган. Цицерондун айтуусу боюнча Стратон кудайлар жөнүндө түшүнүккө макул болгон эмес: теологияга каршы болуп «бардык бар нерсени жаратылыш жараткан» деп окуткан. Жылуу жана муздак дүйнөнүн баштапкы күчү деп экспериментке Аристотель салыштырмалуу өзгөчө чоң маани берген. Кээ бир багытта Стратон аритотелизмден четтеген, атомиктердин тарабына өтүп (боштукту) бөлүкчөлөрдүн ортосунда боштуктун барын эсептеген. Убакыт жөнүндөгү Аристотелдин окуусун кайра карап чыккан. Ал эсептеген ойлоонун негизинде кабылдоо жатат дүүлүктүрүү сезүү органдарынан мээге берет: жаныбарларда ойлоо бар экенин тааныган. Табият таануу илиминин өнүгүүсүнө өзгөчө таасир тийгизген.

Аристотель жана анын шакирттери. Стратон - оң жак четинде.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8