Сугат тармагы - сугат жерге суу берүүчү туруктуу жана убактылуу каналдар, куурлар.

Сугат каналы.
Негизги макала: Сугат

Сугат тармагы жердин рельефин, геол. шартын, кабыл алынган сугаруу ыкмасын жана сугат талаасын сарамжалдуу пайдалануу талабын эске алуу менен курулат. Сугат тармактары ачык (жөнөкөй арык, темир-бетон ноолору ж. б.) жана жабык (темир бетон, бетон, асбест-цемент, полимер ж. б. курулган куурлар) болуп бөлүнөт. Куур тармактарында суу сиңип кетүүгө жана бууланууга көп чыгаша болбойт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2