Шири, көн буюмдарына көркөмдүк түшүрүү. Ал — териге оюм-чийим берүү салты. Бул — ээрге, тердикке, көөкөргө, көнөккө, көнөчөккө, сабаага, чыны капка жагданга, мөкүгө, кепичке, көк жекеге, маасыга жана башка салттуу буюмдарга, кийимдерге элдик оюм чийимдерди жаратуу. Чеберлер катуу чийден оюм-чийим түшө турган форма (калып) даярдап, чылгый терини анын үстүнө коюп, аны оор нерсе менен бастырып, «ыштыкка» бир-эки күн койгондо чылгый тери кургаган. Алиги чий өткөрүлгөн форманы алганда көркөм оюм өзү түшүп калган. Мына ошол «наар» же «чийме сынпос» деп аталган.

Азыр атайын оюм-чийим түшө турган темир форманы булгаары үстүнө коюп, пресске бастырат. Мында пресстеги ысыктык булгаарыны жибитет да, «чийме сынпос» «наар» түшүп калат.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)