Сынуу көрсөткүчү − салыштырмалуу эки чөйрөнүн n21 − биринчи (с1) жана экинчи (с2) чөйрөдөн оптикалык нурдануунун (жарыктын) таралуу ылдамдыктарынын чектелбеген катышы: n21=с1/с2.

Ушул эле убакта салыштырмалуу Сынуу көрсөткүчү бул чөйрөлөрдүн бөлүнүү чегиндеги түшүү бурчу ϕ менен сынуу бурчунун χ синустарынын катышы: n21= =sinϕ/sinχ. Эгерде биринчи чөйрөдө вакуум (жарык ылдамдыгы с0≅3⋅1010см/сек) болсо, анда Сынуу көрсөткүчү салыштырмалуу абсолюттук деп аталат: n=с0/с. Салыштырмалуу Сынуу көрсөткүчү чөйрөлөрдүн абсолюттук Сынуу көрсөткүчүнүн катышы: n21=n2/n1. Сынуу көрсөткүчү нурлануунун толкун узундугуна χ көзкаранды. Чөйрөнүн абсолюттук Сынуу көрсөткүчү аларды түзгөн бөлүкчөлөрдүн поляризациялуулугу, о. эле чөйрөнүн структурасы жана анын агрегаттык абалы менен аныкталат. Оптикалык анизотропиялуу чөйрө үчүн Сынуу көрсөткүчү нурлануунун таралуу багытына жана анын поляризация абалына көзкаранды. Ушуга окшош анизотропиялуу чөйрөгө көптөгөн кристалл-дар ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү