Тармак кароо терезеси, веб-браузер – байланыш программдык жабдыгынын атайын түрү. Алар интернет тармагынын орундарына кайрылууга жана андан маалыматтарды кароого мүмкүндүк берет. Интернет тармагынын орундарындагы маалыматтар өзгөчө түрдө уюшулган жана ал тармак барагы, ал эми тармактын ар бир орунун биринчи барагы баш барак (үй) деп аталат. Браузер тармак барагын чечмелейт жана аны компьютер экранына текст, график, аудио жана видео сигналдар түрүндө көрсөтөт. Браузер ошондой эле интернет орундарына байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет жана ал орундун дарегин жазып коёт, зарыл болгон учурда кайталап кире алат. Netscape Navigator жана Microsoft Internet Explorer кеңири таралган браузерлер болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү