Тасмания

австралиянын штаты жана арал.

ТасманияАвстралиянын түштүк-чыгыш жээгиндеги арал жана Австралиянын штаты.Материктен Басс кысыгы менен бөлүнүп турат. Жанаша жаткан аралдар менен бирге Австралия штатын түзөт.

Тасмания
Өлкө

Австралия

Административдик борбор

Хобарт

Ири шаары

Хобарт

Башчысы

Кейт Уорнер

Башчысы

Жереми Роклифф

Расмий тили

Англисче

Калкы

571 165

Жыштыгы

8,35 адам/км²

Деңиз
денгээлинен бийиктиги
 • Бийик чекити
 • өрточо бийиктиги



 1617 м
 800 м

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Коду ISO 3166-2

AU-TS

Телефон коду

+61 03

Интернет-домени

.au

Расмий сайты

Этимология түзөтүү

Бул штат Австралияга карашту Тасмания аралында жайгашкандыгына байланышту аралдын аталышы менен аталып калган.

Негизги маалымат түзөтүү

Аянты 68 миң км2. Калкы 512,0 миң (2011). Көбү – англис-австралиялыктар. Административдик борбору – Хобарт шаары Арал структурасы боюнча Австралиядагы Чоң Суу Бөлгүч кырка тоосунун уландысы. Рельефинде бири-биринен ажыраган платолор жана жалпак тоолор басымдуу; (бийиктиги 1617 мге чейин; Осса чокусу).

 
Тасмания.

Жери тууралуу түзөтүү

Кен байлыктары: полиметалл жана темир кен таштары, калай, жез, алтын ж. б. Жээги булуң-буйткалуу (Маккуори, Сторм, Грейт-Ойстер ж. б.). Климаты түндүгүндө субтропиктик, түштүгүндө мелүүн нымдуу. Жылдык жаан-чачыны 600–1000 мм. Ири дарыялары – Теймар-Макуори, Деруэнт. Аралдын аянтынын 44%ин нымдуу токой, 21%ин улуттук парктар ээлейт. Түштүк-батышын түнт эвкалипт жана ийне жалбырактуу токой, жыгач сымал папоротник, альп өсүмдүктөрү, борбордук жана түштүк- чыгышын нымдуу склерофиль эвкалипт токою, шалбаа жана мамык чөптүү саз ээлейт. Жаныбарларынын көбү – эндемиктер. Аралды 1642-жылы голланд. деңиз саякатчысы А. Тасман ачкан. 1856-жылдан, Британия ээлиги деп жарыялангандан бери, ушул аталышында. 1901-жылдын 1-январынан Австралиянын Тасмания штаты.

Колдонулган адабияттар түзөтүү