Таш-Көмүр аска бетиндеги сүрөттөр

Таш-Көмүр аска бетиндеги сүрөттөр – Ташкөмүр шаарынан 2 км түштүк-батышта Бозбутоонун Карасу капчыгайында жайгашкан археологиялык эстелик. Түрдүү көлөмдөгү таштардын капталдарына эчки-текелердин, жылкылардын, күн түспөлдөш белгилердин, чабактуу дөңгөлөктөрдүн жана кишилердин сүрөттөрү тартылган. Бул сүрөттөр б.з.ч. 1-миң жылдыкка тиешелүү. Археолог Ю. А. Заднепровский изилдеген.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.