Текстология (лат.— текст деген сөздөн) — адабият таануунун кошумча бөлүгү болуп, көркөм адабий чыгармалардын тексттери менен ар кандай максатта иш жүргүзөт.Биринчиден, автору белгисиз чыгармаларды иликтеп, автору ким экендигин табат, экинчиден, бул же тигил чыгарманын жазылыш тарыхын аныктайт, үчүнчүдөн, кол жазманы караштырып, айрым кыскартуулар киргизет жана, эң негизгиси, текстти басмага даярдап, окурмандарга сунуш кылат.

"Манас" энциклопедиясы боюнча түзөтүү

Текстология (текст жана гр. logos — сөз, түшүнүк, илим) — филологиялык илимдердин бир тармагы; адабий чыгарманы сыноо, изилдөө максатында басмадан чыгарат. Ал адабий библиография, булак таануу, палеография, герменефтика, тарыхый поэтика, орфоэпия, стилистика сыяктуу тармактарды да камтыйт. Текстологиянын негизги максаты — оозеки же жазма түрүндөгү адабий чыгарманын адепки текстинин жаралуу, калыптануу жана өнүгүү тарыхын, анын башаттарын, эволюциясын иликтеп үйрөнүү, жеке өзүнө таандык белгилерин, касиеттерин аныктоо, башкача айтканда тексттин «индивудуалдык жанын» диахрондук ыкмада аны жараткан кишиче окуп чыгуу, сурамжылоо аппаратын тактоо, канондук текст түзүп, жарыкка чыгаруу болуп эсептелет.
Текстологиянын башкы методу — адабияттын өз алдынчалыгын эске алып, аны өзүнчө тарыхый кубулуш жана искусствосунун бир түрү катары илимий филологиялык талдоодон өткөрүү. Текстология изилдөөнүн историзмин, тексттин адабий-тарыхый, маданий-тарыхый контекст менен байланыштарын аныктоону, башкача айтканда тексттеги баардык өзгөрүүлөрдү эске алууну, бир эле автордун башка чыгармалары, бир учурда же ар кайсы учурда жашаган жазуучулардын бири-бирине тийгизген таасирлерин айкын көрсөтүүнү талап кылат.
Текстология практикалык жана теориялык түргө бөлүнөт. Кыргыз адабиятында практикалык текстология китеп чыгаруу, анын текстин редакциялоо иштери башталгандан бери жашоодо. Ал эми теориялык текстологиянын методологиясы, методдору, принциптери толук иштеле элек, ал бүгүнкү күндө теориялык илим катары жашоого өзгөчө муктаж. Айталы, «Манас» эпосунун эбегейсиз көп текстин — анын редакцияларын, варианттарын толук изилдөөнү кандайча жүргүзүү керек? Анын канондук академиялык басылмасын кандай даярдап, кандай чыгаруу керек? Булар күн тартибинде турган маселелер.
Эпостун өткөндү жана азыркыны байланыштырып турган тутумдаш маанисин, мазмун-форма эволюциясын кеңири чечмелеш үчүн анда көрсөтүлгөн окуялардын, образдардын генезисине, дооруна, манасчылардын заманына, индивидуалдык талант өзгөчөлүктөрүнө кайрылуу зарыл. Ар кайсы убактарда туюнтуучу менен туюнуучунун, айтуучу менен угармандын, муундар менен муундардын ортосунда биринен-бирине өтүп келген рухий ачкычты тапмайынча эпосту толук түшүнүүгө мүмкүн эмес. Бул үчүн ар кандай илимдердин ыкмаларын комплекстүү колдонуу менен кыргыз элинин рух кудуретинен жаралган мухит эпостун тагдырын жаңыча түшүнүүгө, түшүндүрүүгө болор эле. Демек, ишти анын текстинен баштаган дурус. Латын тилинен которгондо текст — негиз, аралашма, кошунду, уютма, тундурма дегенди түшүндүрөт. Ал — айрым элементтердин курамынан турган руханий реалдуулук; айтуучуга, угуучуга жана окурманга багышталган кабар, маалымат. Жаңыча иликтөөнү тексттен баштагандын өзү андагы кирди-чыктылардын, органикалык кошундулардын изин, ордун, мезгилин, көлөмүн тактоого мүмкүндүк берет. Мисалы, Сагымбай менен Саякбайдын варианттарындагы окшоштуктар, айырмачылыктар жалаң гана сюжеттик окуяларга, сызыктарга, фабулага, трагедиялык, драмалык пафоско, айтуучулардын рух сапаттарына, талантына байланышканбы же дагы башка себептери, факторлору барбы? Бул оңой-олтоң маселе эмес. Мында тексттин сөзмө-сөз же тематикалык, лексикалык жана башкалар жараткан таланттын кат-каттап кынаштырган саймалуу таштай ою, тарых таануусу, дүйнө арытуусу, түшүнүгү. Ушунун өзү эпостун башынан аягына чейин өзүнчө система экендигин далилдейт. Демек, ал системалык мамилени талап кылат.
Эпостогу образдарды, каражаттарды, сыпаттама-сүрөттөмөлөрдү катмар-катмары боюнча карап чыгып, анын мифологиялык даңегиндеги идеогенездин, даректердин, маалыматтардын айкалышуу, органикалык түрдө синтездешүү эполюциясына акыл жүгүртүүгө болот. Албетте, эпостун жалпы контексти — өз алдынча турган эсеп жеткис тексттердин жыйындысы. Алардын ар биринин жазылуу, бири-бирине жугушуу, ымалашуу тенденциясын, процессин, бири-бирине тийгизип турган фактордук, факториалдык таасирин кандай кароо керек? Изилдөөнүн мындай жолунда майдадан чоңго, чоңдон майдага, аздан көпкө, көптөн азга жана башкалар өтүүсү табигый нерсе. Ошондо тексттеги тарыхый, социалдык, психологиялык, практикалык, прагматикалык, ойчулдук, лингвистикалык, стилистикалык жана башкалар катмарлардын, параметрлердин жашыл айдыңы чыга келет. Анткени «Манастагы» руханий бардык компоненттер, аспектилер түздөн-түз же кыйыр түрдө бири-бири менен байланышкан, шартталышкан. Демек, тексттин ички рухуна, рух маанисине, маанайына үңүлүп кирүү көп тармактуу даярдыкты талап кылат. «Манас» эпосунун текст формасы анын курулуш материалынын, сөз түркүмүнүн, санжыргасынын, ыргагынын, уйкашынын эле формасы эмес, ал руханий мазмундун, рухтун көркөм чагылып көрүнүү формасы, эпостун ошончо замандан бери улам кулпуруп келген эстетикалык, мазмундук турпаты. Ошон үчүн тексттин кунары реалдуу турмушка, тарыхый кыймылга, мисалы, башка кубулуштарга, окуяларга, инсандарга, рухтарга жана башкалар болгон мамилеси аркылуу аныкталат. Ошондуктан эпостун тексти тыкан иликтөөнү гана эмес, ар башка учурларда ар түрдүү айтуучунун да, кабылдоочунун да чыгармачылык мамилесин, ышкысын талап кылат. Ошондо гана угармын (окурман) алып жаткан кабарды, образды өзү кошо жаратып же окуяга өзү кошо аралашып жаткандай кабылдайт. Биз эпостун текстин төгүн жерден философиялык феномен деп жаткан жерибиз жок. Ооздон оозго өтүп келген бул эпостун тексти канчалык өзгөрүүлөргө, жоготууларга, толуктоолорго жана башкалар дуушар болбосун ал элдин тарыхында көөнөрбөс, муңбас, туруктуу константа, руханий феномен катары сактала берет. Дал ошол эскирбес касиетинде көп кырдуу табият жатат. Толуп жаткан коомдук, руханий факторлордун ичинен өзгөчө эл рухунун жана тилинин өнүгүшү эпостун улам бийиктеп, тереңдеп өнүгүшүн шарттаган. Ошон үчүн эпостун текстин жаңыча изилдөө улут маданиятынын, улут рухунун түркүн тармактарына таандык. Мунун өзү көптөгөн маселелерди жакындан сезүүгө, түшүнүүгө алып барары шексиз. Бул жерде айрым бир аспектилерге көңүл бура кетели. «Манастын » тексти: 1) тарыхты таанып-билүүнүн, тарыхый ой жүгүртүүнүн объектиси, булагы; 2) эпостун эволюциясын илимий негизде түшүнүүнүн, аныктоонун предмети; 3) улуттук рухтун өзүн-өзү таануусунун предмети, объектиси; 4) тарых менен сүйлөшүүнүн субъектиси, тарыхый беш-бейне, эстелик, таберик; 5) өткөн тарых менен азыркы учурда байланыштыруучу рух данакери; 6) тарыхый, руханий мазмундун семиотикалык, семантикалык, лингвистикалык, стилистикалык жана башкалар туюнтмасы; 7) элдин эстетикалык-философиялык көз карашын, рух түшүнүгүн, адеп-ахлактык, аксеологиялык гедонисттик жана башкалар маани-мазмунду чагылдырган рух дөөлөтү; 8) элдин рух кайратын, кубатын синтездеген, макалдаган, тастыктаган рухий константа, кылымдардын кийинкилерге багыштаган дилкаты; 9) элдин рух идеяларын, ой-мүдөөлөрүн, идеалдарын материалдаштырган тарыхый, табигый феномен, рухий идеология, философия...
Мына ушулардын бардыгын ар тараптан тактап, иликтеп, анан жалпылоодо жетишкен натыйжалар эпостун үргүлжү текстин, дүр-дүйнөсүн философиялык феномен, организм, система катары чечмелештин өзү ага карата болгон көз караштарды, концепцияларды тереңдетип, фундаменталдык изилдөөлөргө баруунун гносеологиялык, социалдык, психологиялык негиздерин түзөт. Ал океандай эпосто чагылдырылган эл рухунун көөнөрбөс көркүн көрсөтөт. Дал ошон үчүн «Манастын » текстин чечмелөө, анын рух философиясынын параметрлерин аныктоо, тактоо, микротекст, макротекст, контекст-подтекст элементтерин ажырагыс биримдикте кароо зарылдыгы пайда болду. Бул категориялардын, түшүнүктөрдүн ар бири өз алдынча мүнөздөлгөнү менен, түздөн-түз же кыйыр түрдө «текст» деген борбордук, өзөк кубулушка жамаатташ байланышкан, ошону менен шартталган.
Кыскасы, элдин кайнар булактай, аалам чырактай рухунун чыккан «Манаста» түбөлүк дүйнөнүн өзүндөй дайым жаңы, дайым жаш, дайым улуу идеал бар. Ал жамааттын жалкпас биримдик, ирегелештик, боордоштук, башка элдер менен жакындашуу, тамырлашуу идеясы, эң негизгиси — эл рухунун өлбөстүгүн, албандыгын даңазалаган улуу идея менен байланышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү