Телекөрсөткүч, телевизор (грекче tele – алыс жана латынча viso – көрөм, кайрайм), телекөрсөтүүнү кабылдагычтелекөрсөтүү антеннасы кабыл алган сүрөттөлүштү жана аны менен кошо берилүүчү үндүн радио сигналдарын күчөтүп, аларды кайтадан сүрөткө жана үнгө айландыруучу телекөрсөтүүчү радио кабылдагыч. Берүүчү телеборбордон таралган радио толкундарды телекөрсөтүү антеннасы кабыл алып, кабель боюнча Телекөрсөткүчкө берет. Телекөрсөткүчтө кабыл алынган радио толкундар күчөтүлөт, үн жана сүрөттөлүш сигналдарга бөлүнөт. Күчөтүлгөндөн кийин еүрөттөлүш сигналы электрон-нур түтүгүнө (кинескопко), үн сигналы электр-динамикалык күчөтүп сүйлөгүчкө берилет. Can жайылтуу жана кадр жайылтуу генераторлорунун жардамы менен кинескоптун экранында жаркыроочу растр түзүлүп, анда сүрөттүн сигналы күнүрт жана жарык чекиттерди пайда кылат. Түстүү телекөрсөтүү системасында үч каналдуу монохромдуу түзүүчүлөр – кызыл (к), жашыл (ж), көк (к) түстөрдү аралаштырып бергич модуляторлорго өтөт. Кабылдагычта толкундар кайра үч жыштыктуу каналга (к, ж, к) бөлүнүп, түстүү телекөрсөтүү кинескопто көрсөтүлөт. Телекөрсөткүчтөр төмөнкүдөй бөлүнөт: экрандын өлчөмү боюнча - механикалык, кинескоптук, суюк кристаллдык, плазмалык, лазердик, проекдиялык, жарык диоддук; мобилдүүлүгү боюнча - туруктуу (стационардык), алып жүрмө болуп. Заманбап Телекөрсөткүчтөрдүн экран диагоналы, жарыктыгы, кабыл алгычтын (тюнер) сезгичтиги, көп стандарттуулугу, үн каналдарынын көптүгү, программаларды эске тутуусу, дистанциялык (аралыктан) башкаруу, монитор катары колдонуу, цифралык функциялары (PIP, телетекс, телегид ж. б.), сигнал кабыл алуу мүмкүнчүлүгү, Smart TV технологиясы, узакка иштеши жана ишеничтүүлүгү ж. б. касиеттерге ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү