Тендовагиниттарамыш кынынын (тарамышты курчап туруучу туташтырма ткандуу кабык) сезгениши.

Тендовагинит

Себептери түзөтүү

Тендовагинит көбүнчө чеңгел жана кырк муунда, чанда тизеде жана чыканакта болот. Тендовагинит жараатта, тарамыштын тегерегиндеги ткандын ириңдүү ооруларында, тарамыш кынына ириңдетүүчү микроб киргенде болот. Кээде инфекциясыз эле кесипке байланыштуу тарамышка такай катуу күч келгенде (скрипкачынын, машинка баскандардын чеңгелинин жана манжаларынын тендовагинити) же туура эмес олдоксон кыймылдаганда (мисалы, мурда кир жуубаган киши кир жууп, сыкканда) болушу мүмкүн.
Катуу кармаган ириңдүү тендовагинит менен көбүнчө кол манжалары жабыркайт. Бул тарамыш көбүргөнү деп аталат. Бул учурда ириң алакан жана билек тарамыштарына тез тарап, өтө оор кабылдап кетсе — сепсиске, жеңил өткөндө манжанын тырык контрактурасына алып келет. Ириңдүү тендовагинитте тарамыштын тушу катуу ооруйт, бир аз кыймылдатканда эле оору күчөйт, чыйрыгат. Күч келүүдөн болгон тендовагинитте анча оорубай, кыймылдаганда гана ооруйт, кырсылдайт, оорулуунун жалпы абалы начарлайт. Туура эмес дарылоодон өнөкөт формасына өтөт да, кыймыл бузулат.

Дарылоо түзөтүү

Дарылоону врач жүргүзөт. Ага канчалык эрте кайрылса дарылоо ошончолук натыйжалуу болот. Ириңдүү тендовагинитте хирургиялык операция жасалат. Инфекциялуу тендовагинитти алдын алуу үчүн колду ар кандай тытылуу, сыйрылуудан сактоо, өздүк гигиенаны туура кармоо керек. Кесипке байланыштуу болгон тендовагинитти алдын алууда жумуштан кийин колго жылуу ванна жана массаж жасоонун мааниси чоң.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8