Теодолиттик съёмка
Теодолиттик съёмка – топографиялык картага түшүрүү; мында жер бетиндеги аралык – ченөө тасмасы, ал эми багыт сызыктары теодолиттин горизонталь тегереги же буссоль боюнча аныкталат. Съёмка торчосун түзүүдө жана инженердик максаттар үчүн жер бетинин кичине участкаларында Теодолиттик съёмка жүргүзүлөт.
Байланыштуу макалалар түзөтүү
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9