Тетания (байыркы грек тилинен τέτανος — чыңалуу, селейүү, тарамыш тартышуу) — организмде кальций алмашуунун бузулушунан дененин тырышуусу менен мүнөздөлгөн оору.

Тетеания

Себептери түзөтүү

Ага калкан безинин жанындагы бездин функциясынын басаңдашы же толук жоголушу (безди алып салганда же сезгенүү процессинде), уулануу (коргошундан, ичкиликтен), суюктукту көп жоготуу (көп кусуу, ич өтүү) жана башкалар себеп болот. Тетаниянын пайда болушуна туура эмес тамактандыруу, Д витамининин жетишсиздиги (Спазмофилия) себеп болот. Ошондой эле катуу капа болуу, травмадан нерв системасынын жабыркоосу түрткү болот.

Дарылоо түзөтүү

Дарылоону врач жүргүзөт, Д витамини сунуш кылынат. Оорунун алдын алууда уулануудан, жугуштуу оорудан сак болуп, жеткиликтүү, витаминдүү тамактануу талапка ылайык.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8