Тешик (фистула) — ткандарда, органдарда жана сөөктөрдө пайда болгон өткөөл.

Фистула

Пайда болуу себептери түзөтүү

Тубаса тешик өөрчүү кемтигинде же өсүп жетиле албай калган учурларда байкалат (мисалы, киндик тешик). Кийин пайда болгон тешик өнөкөт сезгенүүдөн (сөөк туберкулёзу, остеомиелнт), мертинүүдөн же операциядан кийин ткань жана органдардын бузулушунан пайда болушу мүмкүн. Тешик ткандын тереңинен же ички органдардан териге ачылат (сырткы тешик); ткандардан ички көңдөй органдарга (ичеги-карын, жыныс кыны жана башкалар) ачылса, ички тешик же бир органдан экинчи органга (кызыл өңгөчтөн бронхторго, табарсыктан ичегиге) ачылса органдар арасындаг тешик деп аталат. Кээ бир органдар, муундар, сөөктөр ар түрдүү сезгенүүдөн кийин тешилет. Сезгенген жер ириңдеп жарылып, узак убакка чейин ириң жана башкалар суюктукту сыртка же көндөй органга бөлүп чыгарса, ал өз алдынча бүтпөйт. Ириң убактылуу акпай калганда тешик жабылып калат, бирок кайра эле ачылат. Көпкө созулган ириңдүү тешикте оорулуунун жалпы абалы начарлайт. Инфекция тегерегине тарап, ириңдүү процесс күчөшү ыктымал. Тешик заара жолунда, ичеги-карында, бронхто, өттө түрдүү жарааттан пайда болуп, алардан заара, карын зили, өт, аба чыгып турат. Ичеги-карын тешикинде анын ичиндеги тамак-аш, карын зили көп өлчөмдө сыртка чыгып, оорулуу арыктап, начарлайт. Заара жолундагы тешик аркылуу инфекция бөйрөк, заара агуучу түтүккө түшүп, аны сезгендирет. Бөлүнгөн заара, заң тешиктин тегерегиндеги терини дүүлүктүрүп, бузат. Бронхтун тешиги, дем алууну кыйындатып, өпкөнү сезгендирет; кызыл өңгөч-бронх тешиги өтө коркунучтуу, мында ичкен тамак бронхко өтүп кептелип калып, өлүмгө дуушар кылат. Кызыл өңгөчтөн тамак өтпөй калат.

Дарылоо түзөтүү

Дарылоо хирургиялык жол менен жүргүзүлөт. Айрым учурда операция жасоого мүмкүн болбой, үй шартында көпкө тешик менен жүрүүгө туура келген учурлар болот. Мында оорулуу тешиктин тегерегиндеги терини таза кармоого, таңгычты таңа билүүгө, врач сунуш кылган заара тоскучту пайдалана билүүгө тийиш. Кээде дарылоо максатында жасалма тешик жасалат. Мисалы, кызыл өңгөч өтө ичкерип кеткен учурда оорулууну тамактандыруу үчүн кызыл өңгөчкө сырткы тешик, көтөн чучук жабыркаганда же айрым операциянын алдында жоон ичегинин төмөн жагынан тешик жасалат. Оору жакшы болгондо операция жасап тешикти бүтөп (тигип) коёт.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8