Тикесинен коюлган жыгачта турмай

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада, спорттук бөлмөдө, сахнада өткөрүлөт.

Оюнда колдонуучу аспап. Узундугу 30—40 см. келген коло жыгач.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар коло жыгачты тикесинен коюшуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден тикесинен коюлган коло жыгачта буттары жана колдору менен жерге таянбай, тең салмактарын жоготпой көпкө чейин отурууга аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Тең салмагын жоготпой көпкө чейин коло жыгачта отурган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Тоголок ташта отурмай, тоголок ташта турмай, тикесинен коюлган коло жыгачта отурмай.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине жакын турууга, жардам берүүгө, таянууга, тоскоолдук кылууга, тең салмагын жоготкондон кийин, кайрадан кезексиз оюнду улантууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюн өткөрүлүүчү жер коркунучтуусуз болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюн туруктуулукка, тең салмакты сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү