Тиштеги таш — тиштин түбүндө, арасында чогулган саргыч же бозомтук катуу заттар.

Тиштеги таш
Астыңкы чоң азуунун түбүндө бүйлө алдындагы тиш ташынын чогулушу.
Тамеки тарткан кишинин тишиндеги таш.

Себептери түзөтүү

Кээде тиш тамак чайноого катышпаса тишти таш каптайт. Адегенде тишке жумшак көңөр жыйналат. Көңөр тамак-аш калдыктарынан, бактериялардан жана былжырдан турат. Тишти туура тазалоодо, катуу тамакты чайнаганда бул кебер жакшы тазаланат. Тамеки тарткан кишилердин тиш кебери күрөң же кара түстө болот. Андан пайда болгон таш эмалга өтүп, өтө кыйындык менен тазаланат. Тиштеги жумшак кеберди убагында тазалабаса, тиштин акиташ катмарына акырындап сиңип, катуу ташка айланат, ал көбөйөт, айрым учурда таш тиштин бүйлөдө жаткан жээгин, ал тургай тиштин тамырын да каптайт. Мында бүйлө тиштен качып, канайт, сезгенип ([гингивит) ириң, кан чыгат, ооз жаман жыттанат. Тиштеги таш парадонтоздун өөрчүшүнө түрткү берет. Тиштеги ташты атайын аспаптын жардамы менен стоматолог тазалайт.

Алдын алуу түзөтүү

Тишке кебердин жана таштын чогулушун алдын алуу үчүн бардык тиш менен чайноо, тамак-аш рационуна каткан нан, сухарь, сабиз, алма жана башкалар киргизүү зарыл. Ошондой эле тишти убагында дарылоо, эгер тиш жок болсо жасалма тиш салдыруу, бүйлөнүн сезгенүүсүн дарылоо чоң мааниге ээ. Тамак жегенден кийин оозду чайкоо, жылына эки жолу тиштеги ташты тазалатуу сунуш кылынат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8