Тиштүү дөңгөлөк - тиш салынган цилиндр же конус түрүндөгү алкак; тиштуу кыймыл өткөргучтун негизги тетиги.

Цилиндрлүү Тиштүү дөңгөлөктүн тиштери тышында же ичинде болушу мүмкүн. Тиштин формасы тик бурама сыяктуу, бурчтуу жана ийри түрдө болот. Тиштин түспөлү көбүнчө эвольвента, кээде циклоида боюнча жасалат. Тиштүү дөңгөлөк кээде шестерня деп да аталат. Тиштүү дөңгөлөктүн конструкциясы анын аткаруучу ишине, өлчөмүнө жана даярдалуу ыкмасына жараша аны талат. Тиштүү дөңгөлөктү жасоодо негизги колдонулуучу материал - легирленгеп болот, чоюн, пластмасса (текстолит, полиформальдегид ж. б.).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.