Токтогул суу сактагычы

Токтогул, суу сактагыч‎»‎ барагынан багытталды)

Токтогул суу сактагычы - Нарын дарыясындагы Токтогул ГЭСининплотинасы сууну бууганда пайда болгон . Суу сактагычка 1974-жылы суу толтурула баштаган. Жалпы көлөмү 19500 млн м3. Узундугу 65км, эң жазы жери 12км, эң терең жери 215 м. Суу толгондогу аянты 284,3 км2. Нарын жана Сыр-Дарыянын агымын жөнгө салып, кошумча 0,5 млн га жерди сугарууга мүмкүндүк берет. Плотинанын узундугу 292 м, туурасы 43 м, бийиктиги 215 м. Жалпысынан 913 миң га жерди суу менен камсыз кылат (негизинен Өзбекстандын аймагын). Кыргызстандагы негизги энергетиканын кызыкчылыгы үчүн курулган суу сактагыч.

Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.
Аталышы Токтогул суу сактагычы
Аянты 284.3 км2
Узундугу 65 км
Жазы жери 12 км,
Терең жери 215 м
Сыйымдуулугу 19500 млн м3

Адабият түзөтүү