Тонус (грек тилинен τόνος — чыңалуу) — нерв борборлору менен булчуң ткандарынын талбай узак убакыт жана туруктуу козголуусу.
Организм салыштырмалуу тынч абалда турганда да, нерв борборлорунан тиешелүү органдар менен ткандарга нерв импульстарынын разряддары берилет. Алар скелет булчуңдарынын, ичегинин, кан тамырлардын жылма булчуңдарынын ишин жөнгө салат.
Орган менен ткандарды белгилүү функциялык абалда узакка кармап туруу нерв борборлорунун тонусу деп аталат. Денени белгилүү абалда кармап туруу үчүн булчуңдардын жыйрылышы же чыңалышы булчуңдардын тонусу деп аталат. Нерв борборлору менен булчуң тканынын ишинин бузулушу тонустун күчөшүнө (гипертония), ошондой эле бошоңдошуна (гипотония, атония) алып келиши мүмкүн.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8