Тормоздолуу (физиология)

Тормоздолуу — козголууну алдын алуучу же басаңдатуучу нерв процесси.

Бөлүнүшү түзөтүү

Тормоздолуу пайда болгон жерине жараша четки жана борбордук болуп бөлүнөт.
Тормоздолуу нерв учтарында пайда болгон медиаторлордун жардамы менен синапстарда ишке ашат.

Себеби түзөтүү

Тормоздолуунун пайда болушуна козголууга учураган ткандардагы бир нече өзгөрүүлөр түздөн-түз себеп болот. Ар бир козголуучу клетка сыртынан жарым өткөргүч мембрана менен капталган. Клеткага дүүлүктүргүчтөр таасир эткенде анын мембраналык потенциалы өзгөрүүгө учурайт. Анда мембрананын козголгучтугу төмөндөп, козголуу толкуну анча тарабайт. Козголуу же тормоздолуу медиаторлордун рецепторлор менен өз ара катышуусунда иондук өткөргүчтүктүн өзгөрүүсү менен белгиленет. Ошондуктан кээ бир медиаторлор козголууну да, тормоздолууну да өткөрүүгө жөндөмдүү. Мисалы, ацетилхолин миокард талчаларынын тормоздолуусуна жана скелет булчуңдарынын козголуусуна алып келет. Тормоздолуу тиешелүү тормоздоо нейтрондорунун козголуусунан келип чыгат. Түздөн-түз тормоздолуу физиологиялык функциясы боюнча карама-каршы болгон элементтердин козголуусун басаңдатып, алардын өз ара макулдашып аракеттенүүсүнө түрткү берет. Мисалы, киши басып жүргөндө бүктүрүүчү булчуңдарга келүүчү нервдер козголгондо, ошол эле учурда сундуруучу булчуңдардын нервдери тормоздолот.

И. П. Павлов тормоздолуу процесси тууралуу түзөтүү

Улуу физиолог И. П. Павлов тормоздолууну тышкы (шартсыз) жана ички (шарттуу) деп да бөлгөн. И. П. Павлов нерв системанын өтө дүүлүктүргүчтөрдүн таасиринен, ошондой эле өтө чарчоодон сактоону камсыз кылуучу тормоздолууну бөлгөн. Тормоздолуунун коргонуу-ыңгайлануу функциясынын мааниси чоң. Мисалы, кээ бир невроздорду, травма шогун жана башкалар дарылоодо уктатуучу дарылардын, сеп алдырма дарылардын колдонулушу аныкталган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8