Трихомоноз — кишинин заара жыныс жолдорунун сезгенүү оорусу.

Трихомоноз

Трихомоноз козгогучтары түзөтүү

Трихомоноздун козгогучу жыныс жолу менен берилет. Алар сырткы чөйрөнүн түрдүү таасирине туруксуз болушат. Козгогуч жыныс органдарынын былжыр челинде көбөйүп, андан бөлүнгөн суюктук аркылуу сыртка чыгат. Оорунун козгогучу кээде тазалыкты сактабаган учурда сүлгү, жүз аарчы жана башкалар буюмдар аркылуу жугат. Оору эркектерде анча билинбей өтөт. Бир аз былжыр суюктук бөлүнөт, эч жери оорубайт. Ошондуктан оорулуу убагында врачка кайрылбай жүрө берип, оорунун булагы болуп кала берет.

Таасири түзөтүү

Трихомонозду убагында дарылабаса эн бездеринин кошумчаларынын сезгенүүсүнө (Эпидидимит) алып келет. Ушундан улам көпчүлүк учурда тукумсуздук пайда болот. Өнөкөт түрүнө өтүшү ыктымал.

Өнөкөт түрү түзөтүү

Өнөкөт түрү оңой менен айыкпайт. Аялдар трихомоноз менен жабыркаганда жыныс кыны кычышып, ак суюктук бөлүнөт, ачышат. Организм начарлаганда, ошондой эле айыз келген учурда сезгенүү жатын жана анын кошумчаларына өтүшү мүмкүн (Аднексит, Метроэндометрит).

Дарылоо түзөтүү

Эгерде оору аялынан табылса жубайы да кошо дарыланат. Трихомонозду дарылоо көпкө созулат. Ооруну чала дарылап же дарылануу үзгүлтүккө учураса оору кайта башталат. Дарылануу учурунда өзгөчө өздүк гигиенаны сактоо (ич кийимди үтүктөп, күндө кийим которуп кийүү, күндө жуунуу жана башкалар) зарыл. Дарылангандан кийин да 2—3 ай бою врачка текшерилип туруу талапка ылайык.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8