Трихоцефалез — адам жана жаны барлардын ичегисинде мителик кылуучу жумуру жүн баш курттар пайда кылуучу оорусу.

Мите жумуру курттун жумурткасы(оң, чоңойгондогусу (сол)
Трихоцефалез ооруусун пайда кылчу курт

Мите жумурткасы тууралуу түзөтүү

Митенин жумурткасы заң менен чыгат. Ал топуракта белгилүү нымдуулукта, жылуулукта өсүп-өөрчүйт. Оорунун негизги булагы — чөйрөнү булгаган оорулуу адам. Оору булганган жер-жемишти жуубай жегенде, сууну ичкенде, кир кол менен тамак жегенде жугат. Ошондой эле митенин жумурткаларын чымындар да таратат. Оорулуу кускусу келип, тамак ичкиси келбей алсырап, ичи ооруп, заңы катат, башы ооруп, ачуулуу болуп кетет. Оорулуунун заңын лабораториялык изилдөөдөн кийин гана диагноз коюлат.

Алдын алуу түзөтүү

Алдын алууда жер-жемишти кайнак суу менен чайкап пайдалануу, тамак жээрде, огороддо иштегенден кийин колду самындап жуу зарыл. Чымындарды кырып жоготуу, сууларды заң менен булгануудан сактоо, огородду жаңы заң менен семиртпей, чириген кык чачуу талапка ылайык.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8