Тромб (байыркы грек тилинен θρόμβος — тоголок, уюп катып калган) — кан тамырда жана жүрөктө уюп калган кан.

Түзүлүшү түзөтүү

Тромб фибринден, кан пластинкасынан, эритроциттен, лейкоциттен турат. Тромбдун түсү анын составындагы элементтердин санына жараша болот. Мисалы, тромбдо эритроцит басымдуулук кылса өңү кызыл (кызыл тромб), ал эми фибринден, кан пластинкасынан жана лейкоциттен турса агыш боз (ак тромб), кээде аралаш тромб да болушу мүмкүн.

Пайда болушу түзөтүү

Тромбдун пайда болушуна кандын уюшунун, кан жүрүүнүн өзгөрүшү, кан тамырдын ички бетинин атеросклероздук өзгөрүшү жана травманын кесепети себеп болот. Тромб венада, ошондой эле артерияда, жүрөк ооруларында жүрөк көңдөйүндө пайда болот. Көбүнчө өтө жай пайда болуп, кандын жүрүүсүнө тоскоолдук кылат. Тромб веналардын варикоздук кеңейишинде, облитерациялоочу эндартериитте, атеросклероздо, кан ооруларында жана башкалар байкалат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8