Салимбай Турсунбаев
Салимбай Турсунбаев - манасчы, акын, алып баруучу
Салимбай Турсунбаев 1959-жылы 13-январда Токтогул районунун Кайырма кыштагында колхозчунун үй бүлөсүндө туулган. Төрт эркек, эки кыз алты баланын ичинен үйбүлөдөгү агасынан кийинки эле экинчи уул. Атасы Орозбай Манасты жорго сөз менен сабалатып айткан чоң санжырачы болгон. Ушундан улам Салимбай окуй элек кезинде эле алгач Манасты атасынан угат. Зээндүү бала аябай кызыгып, балалык баёо сезимдери менен баатырдын эрдиктерин көңүлүнө бекем түйөт. Тилекке каршы атасы Салимбай 4-класска көчкөн жылы каза табат.
Болочоктогу манасчы 7-класска келгенде көпчүлүк манасчылар сыяктуу түш көрүү жолу менен өз алдынча эле Манасты кой десе болбой айтып чыгат. Бирок да айрым кырсыктардын кесепетинен жаш манасчынын Манас айтуусуна тай энеси толук тыюу салат. Арийне, Салимбайдын манасчылыкка болгон ышкы оту ушинтип басылганы менен анын анча-мынча жалындары жамакчылык жана акындык жаатта тутанып, бара-бара акырындап ыр жазуу жагына оойт.
1976-жылы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган боз улан Кара-Көл шаарына келип эмгек жолун баштайт. 1977-1979-жылдары Советтик армиянын катарында Россия жергесинде эл катары кызмат өтөп кайтат. Туз насип буюруп эмгек жолун кайрадан эле Кара-Көл шаарына келип улантат.
Манас айткан адам айтууну эч качан унута албайт эмеспи. Тыюу салынган бойдон эле болду эми улуу жомокту унутушум керек дебестен, Салимбай кез-кез эч ким жок жерде Манастан үзүндү айта калып жүрөт. Бара-бара бул нерсе манасчылыкка талапкер кишинин жан тынчын алып эл алдына кайрадан чыгуусуна үндөйт. Акыры 1986-жылдан тартып ачыкка чыгып жалпыга өнөрүн тартуулай баштайт. Жараткандын колдоосу менен тез эле өзү жашаган шаарга, андан соң дубанга Манас айтып таанылат. Манасчылык өнөрү боюнча Эл аралык деңгээлдеги республикалык бир топ кароолорго катышып, байгелүү орундарды ээлеп Кыргызстандагы аты белгилүү манасчылардын сабына кошулат.
Анын манасчылык тармагында дамамат эмгектенгенинин үзүрү катары төмөндөгү жетишкендиктерин айтып кете алабыз:
- 1992-жылы залкар манасчы Сагымбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине арналып өткөрүлгөн республикалык манасчылардын кароосунда 3-орундун ээси;
- 1994-жылы Манас эпосунун 1000 жылдыгына карата Манас дирекциясы тарабынан уюштурулган республикалык кароодо 1-орундун ээси;
- 1995-жылы «Манас-1000» Бүткүл Дүйнөлүк Эл аралык кароо-сынакта манасчылык өнөрү боюнча 3-орундун ээси;
- 2004-жылы Талас жергесинде Назар Кайып манасчынын 230 жылдык мааракесине арналып уюштурулган республикалык манасчылардын таймашында 1-орундун ээси;
Манасчы Салимбай Турсунбаев ар убак изденүүнүн үстүндө жүргөн инсан жана ал жаңылык катары улуу жомоктун «Чоң Казат» темасы боюнча 6000 сап өзүнүн вариантын иштеп чыккан. Ал эми түрдүү варианттардын негизинде манасчы «Алмамбет менен Чубактын жол талашы», «Алмамбет менен сыргактын жылкы тийгени», «Гүлчоронун Үргөнүчтү кечкени» темаларын айтып, Кыргыз Республикасынын «Алтын фондуна» үнүн жаздырган.
2005-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчилиги тарабынан «Кыргыз тилине кошкон зор салымы үчүн» мамлекеттик деңгээлдеги диплом менен сыйланган.
2007-жылы манасчынын калемине таандык тандалма ырлардан турган «Сезимдеги элестер» аттуу тунгуч ыр жыйнагы жарык көргөн.
2012-жылы көп жылдык манасчылыкка эмгегин сиңирип үзүрлүү аракеттенгени үчүн “Улуу Баян” коомдук фонду чет элдик автоунаа тартуулаган.
2012-жылы КРнын Маданият жана Туризм министирлиги, республикалык “Айтыш” коомдук фонду жана “ЭлТР” коомдук телерадиоберүүсү тарабынан Ош шаарында өткөрүлгөн “Залкарлыкка жол” аттуу республикалык манасчылардын кароосунда байгелүү 3-орунду багындырган.
2013-жылы КРнын Маданият жана Туризм министрлигинин балоосу менен “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисине арзыган.
2014-жылы Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине жигердүү катышкандыгы үчүн “Токтогул-150” коомдук фонддун атынан юбилейлик төш белгиге ээ болгон.
2016-жылдын башында “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы” менен сыйланса, аталган жылдын аягында “Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы” сый барагына татыган.
Кыргыз Республикасынын Ички Аскерлер бөлүгүнүн талантту жана жигердүү ардагери катары аталган аскер бөлүк тарабынан “Эрдик” жана “Шер” наамындагы төш белгилерин тагынган.
Тилекке каршы 2021-жылынын сентябрь айында күтүүсүз келген оорудан мезгилсиз дүйнө салган.
Салимбай Турсунбаев Жалал Абад облусунун Кара-Көл шаарында жашап, энергетика кесиби боюнча Каскад Токтогул ГЭСинде өмүрүнүн соңуна чейин үзүрлүү эмгектенди. Мындан тышкары шаардык Маданият үйүнүн Усул бөлүмүндө башкы усулчу, «Балдардын атайы билим берүү борборунда» Манас сабагы мугалими болуп талыкпай иштеп, артынан шакирт ээрчитип, жаш манасчыларды таптай алды.
Аркасында алган жары, 4 уул, 1 кызы жана 6 небереси үй бүлө башчысын таба албай жоктоп калышты.
Эл арасында оозго алынган орошон манасчы Салимбай Турсунбаевдин көзү өтсө да, үй бүлөсү анын атын өчүрбөй, замандаштарынын, Манас таануучулардын, манасчылардын, дос-туугандарынын С.Турсунбаев тууралуу пикирлерин топтоп “Санаты сансыз - Салимбай” аттуу китепти жана соңку учурларда жазган ырларын жыйнап “Мендеги философия” аттуу китебин басмадан чыгарып окурмандарга тартуулашты.
Жыл сайын Манас театры тарабынан уюштурулган республикалык жаш манасчылардын кароосунда 1 манасчыга жана “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашында 1 оюнчуга “Салимбай Турсунбаев” атындагы атайы сыйлык жана статуя ыйгарып келишет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз элинин манасчылары/Кыргызпатент. Түз.: Т.Бакчиев, Р.Исаков. – Б.: , 2010 – 96 б. ISBN 978-9967-26-119-8