Таң-Шаң

Тянь-Шань‎»‎ барагынан багытталды)

Таң-Шаң«Манас» эпосундагы топоним. Таң-Шаң түрүндө Сагымбай Орозбаковдун вариантында (2. 170) гана кезигет.

Теңир-Тоо
Теңир-Тоо

Таң-Шаң же таанымал Тянь-Шань топонимдин башаты уннуларга (хунну) тийиштүү. Уннулар биздин заманга чейин эле «Теңир-Тоо» (Кытай жылнаамасында — Циляншань) деп атап келишкен. Кытайлар өз тилине Тянь-Шань деп которуп, анын ар кайсы бөлүгүн (Тянь-Шань, Богдошань, Байшань, Цунлин жана башкалар) атаган. Кыргыздар илгертеден эле Ала-Тоо, Керме-Тоо атап келген. Тянь-Шань топонимин таркаткан (19-кылым 30-ж.) европалык окумуштуулар болгон. Сагымбай «Манаста» Тянь-Шань, Таң-Шаң деп берген. Мекенибиздеги нукура «Ала-Тоо» наамы жасалма Тянь-Шань атын биротоло жокко чыгарып, картада өзүнүн мыйзамдуу ордун ээлөө жолунда турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4