Түндүк Казакстан облусу

казакстандын түндүгүндөгү акимий бирдик-облус

Түндүк Казакстан облусу (орус. Се́веро-Казахста́нская о́бласть, каз. Солтүстік Қазақстан облысы, Soltüstık Qazaqstan oblysy) — Казакстандын түндүгүндөгү жайгашкан акимий бирдик. Борбору Петропавловск.

Түндүк Казакстан Облусу ТКО
Өлкө

Казакстан

Административдик борбор

Петропавловск

Б.ири шаары

Тайынча, Булаево, Мамлютка, Сергеевка

Башчысы

Гауез Нурмухамбетов

Расмий тили

Казак тили
Орус тили

Калкы

554 517

Жыштыгы

10,31 адам/км²

Деңиз
денгээлинен бийиктиги
 • Бийик чекити
 • Эң төмөнкү чекити



 748 метр м
 28метр м

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Коду ISO 3166-2

KZ-59

Телефон коду

+7 7152 xx-xx-xx

Расмий сайты

1936-ж. 29-июлда уюшулган. 1997-жылдан азыркыдай аталат. Аянты 97,7 миң км2 (өлкөнүн аянтынын 3,6% и). Калкы 583,6 миң (2013); элинин негизин орустар (50,4%) менен казактар (33,3) түзөт. Ошондой эле украин, немис, поляк, татар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2те 6 киши. Адм.айм. жактан 13 районго, 1 шаарга бөлүнөт. Адм. борбору - Петропавловск ш. Облуе Казакстандын түндүгүндө жайгашып, Батпыш Сибиръ туздугущп түштүк бөлүгүн, Казак Сары-Аркасынът бир бөлүгүн ээлейт. Климаты кескин континенттик. Кышы суук жана узак. Жайы салыштырмалуу жылуу. Январдын орт. температурасы -18,6°С, июлдуку 19°С. Жылдык жаан-чачыны 350 мм (анын 80-85% и жылдын жылуу мезгилинде түшөт). Кар 5 айга жакын жатат (ноябрдан апрелге чейин). Аймагынын 8%ин токой ээлейт. Негизинен ак кайың өсөт.

Дарыялары өтө аз, көпчүлүгү жазында ташкындап, жайында тартылат. Обдун алабына кирет. Облустун эн четки батышынан Ишим д. агып өтөт. Майда көлдөр көп кездешет. Жери кара топурактуу. Тулан чөптөр өсөт. Сары-Арканын түндүк капталдарында карагай, кайың токойлору бар. Чарбасынын негизин айыл чарба түзөт. Өнөр жайында айыл чарба сырьёлорун кайрадан иштетүүчү, тамак-аш (ун тартуу, эт, май, быштак, сүт, спирт), металл иштетүү, курулуш материалдары, кийим тигүү ишканалары бар. Дан эгиндери (жаздык буудай), таруу, кара күрүч ж. б. эгилет. Бодо мал, кой, эчки, чочко, жылкы асыралат. Климаттык Боровой (кымыз менен дарылоочу) курорту иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4