Түркстан чөлкөмүндөгү музейлер

Түркстан чөлкөмүндөгү музейлер, Түркстан комитети – байыркы замандын искусство эстеликтерин коргоо жана табиятын сактоо боюнча иш жүргүзгөн. 1921-жылы 22-майда түзүлгөн. Аны түзүүчүлөр жана демилгечилер белгилүү окумуштуулар Н. Нечкина, В. В. Бартольд, В. В. Вяткин, Б. П. Денике жана Б. Н. Засыпкиндер болушкан.

Комитетке Орто Азия жана Казакстан аймактарындагы жергиликтүү калктын маданий мурастарын жыйноо жана изилдөө, ошондой эле аймактагы жайгашкан бардык археологиялык, архитектуралык эстеликтерди изилдеп табуу, аларды каттоо жана мамлекет көзөмөлгө алуу боюнча иш чаралар жүктөлгөн. Ошону менен бирге бузулуу коркунучунда турган архитектуралык эстеликтерди калыбына келтирүү, археологиялык казуу иштерин жүргүзүү жана тарыхый эстеликтерди мамлекет энчисине айландыруу жумуштары тапшырылган.

1923–24-жылдары Кыргызстандын археологиялык жана архитектуралык эстеликтерин изилдөө үчүн комитеттин демилгеси менен алгачкы экспедициялар уюштурулган. П. П. Иванов Манастын күмбөзүн жана Талас өрөөнүндөгү археологиялык эстеликтерди, В. Д. Городецкий Чүй өрөөнүндөгү архитектуралык эстеликтерди изилдеген. Фергана археологиялык жана архитектуралык экспедициясы Өзгөн тарыхый-архитектуралык эстеликтерин изилдеп, мамлекеттин коргоосуна өткөргөн. Орто Азия элдеринин өз алдынча улуттук республика болуп түзүлүшүнө байланыштуу 1924-жылы Орто Азиялык комитет болуп кайрадан түзүлгөн.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү