Узак жашоо — кишинин узак өмүр сүрүүсү менен мүнөздөлгөн социалдык биологиялык кубулуш.
90 жаштан жогору, айрым статистикалык жана геронтологиялык изилдөөлөр боюнча 100 жаштан жогору узак жашоого киргизилет. Узак жашагандардын ыңгайлануу механизми жакшы өөрчүп, физиологиялык негизги системалардын өзгөрүшү жай жүрөт, айрым системалардын абалы, мисалы, кандын морфологиялык, биохимиялык составы, жүрөк-кан тамыр, эндокрин системасынын, борбордук нерв системасынын көпчүлүк көрсөткүчтөрү жаш кишиникине окшош келет. Алардын жогорку нерв системасы токтоо, күчтүү болуп, акыл жана күчү, активдүүлүгү, эмгекке жөндөмү көпкө сакталат; эсине жакшы тутат, айланадагы окуяларга кызыгат, катуу стресстерге кыйла туруктуу келишет. Алар түрдүү ооруларга туруктуу жана тукумчул келип, улгайган кезинде да балалуу болушат.

Emma Morano 1899 (116)

Узак жашагандар тууралуу түзөтүү

Узак жашагандардын көбү — өмүр бою айыл-кыштакта жашап, жаш кезинен улгайганга чейин эмгектенгендер. Көпчүлүк геронтологдор узак жашоо генетикалык жактан шартталган деп эсептешет. Бирок социалдык факторлор, элдин жашоо мүнөзү да чоң мааниге ээ. Узак жашоого таасир этүүчү социалдык-экономикалык факторлорго эмгек шарттары жана анын мүнөзү, материалдык жактан жетиштүүлүк, тамактануу мүнөзү, турак жай шарты, маданий деңгээли, медициналык жактан тейлөө сапаты жана башкалар кирет. Бул факторлор табигый факторлор жана тукум куугучтук менен өз ара байланышта.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8