Улуттук хирургия борбору

Улуттук хирургия борбору, (УХБ) - КРдин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу илимий, дарылоочу, мамлекеттик медициналык мекеме.

Анын гаетроэнтерол, ириңдүү оорулар, торокалдык, эндоскопиялык жана кечиктиргис хирургия бөлүмдөрү бар. 1977-ж. № 2 ШКОнун базасында түзүлгөн. УХБнин негизги максаты - хирург. илимди жана билим берүүнү максагтуу түрдө өнүктүрүү; хирург. ооруларды аныктоонун жана дарылоонун жаңы, натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгуу; хирург. жардамдын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максаттарында дарылоонун жаңы жолдорун, ыкмаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү; хирургду тарбиялоодо жана калыптандырууда окумуштуу хирургдардын интеллектуалдык потенциалын жана жетишкендиктерин колдонуу ж. б. УХБнын директору 1997-жылдан акад. М. Матакеев.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4