Утопия (гр. u - жок жана topos - орун б. а. жыргал) - илимий автордун фантазиясы менен турмушта аткарылбай турган кыялды сүрөттөгөн идеалдуу коом, б. а. чындыкка коошпогон пландарды камтыган чыгарманын аталышы.

Термин Т. Мордун «Утопия» жана мыкты мамлекеттик түзүлүш жөнүндө окуяларды камтыган китебинен (1516) алынган. Кийинчерээк Т. Кампанелла «Күн шаары» (1602) деген чыгармасын да ушундай мүнөздө жазган. Утопиялык чыгармалар мезгил өткөн сайын улам көбөйүп, коомдогу прогрессчил адамдардын башкача бир мүнөздөгү жашоо жөнүндөгү ойлорун камтыган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4