Учур (Вехи) – 1909-жылкы белгилүү орус диний-философтор тобу (Н. А. Бердяев, С. Н. Булгаков, П. Б. Струве, С. Л. Франк, М. О. Гершензон, А. С. Изгоев) түзгөн «Орус интеллигенциясы жөнүндөгү макалалар» жыйнагы.

Жыйнак орус боштондук кыймылынын көз карашы жана тажрыйбасы жөнүндө либералдык буржуазияны баалоону өзүнө камтып, 1905–07 - жылдардагы революциядан кийин орус либерализминин бул кыймылдан бөлүнүүсүн белгилеген.

Жыйнактын өзөгүн, 1890-жылдарда өздөрүн К. Маркстын тарапкери деп эсептеген, бирок кийинчерээк идеалисттик философияны жандандырууга үгүттөгөн, жогоруда аталган биринчи төрт автордун макалалары түзгөн. Аларда, ар бир инсандын ички рухий-диний турмушу, адамдын жашоосундагы чыгармачыл күч болуп саналат деген пикир басымдуу роль ойногон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү