Факс (facsimile, fax-факс). Факс документтердин сүрөттөлүшүн телефон линиялары аркылуу жиберүүдө жана кабыл алууда колдонулат.
Документ текст, график, кол жазма же фото сүрөт түрүндө аткарылышы мүмкүн. Факс машинеси документти карап чыгып жана аны сандык түргө которуу менен телефон линиясы аркылуу жиберет. Факс жабдуусу сырткы автономдуу же берилиштерди жиберүүчү компьютердин ички түзүлүшү түрүндө да иштелип чыгат. Автономдук факс машинелери документти оптик жол менен окуйт жана жиберүү үчүн сүрөттөлүштү сандык берилиштерге өзгөртөт. Кабыл алуучу факс машинеси сандык берилиштерди кайрадан өзгөртүп алгачкы сүрөттөлүштүн көчүрмөсүн басып чыгарат. Ички факс жабдуусу компьютерде даярдалган документти жиберет. Ички факс жабдуусу менен алынган документ монитордо көрсөтүлөт жана принтерде басып чыгарылат. Жеке компьютер аркылуу факс машинесине же башка жеке компьютерге документ жиберүү үчүн факс жабдуусу жана модем колдонулат.

Колдонулган адабият түзөтүү