Фигура (латынча figura – тышкы көрүнүш, кебете) – 1) предметтин сырткы сомосу, көрүнүшү, формасы. 2) Киши денесинин сомосу, дене түзүлүш. 3) Кыймылда жүргөн (бийде, фехтованиеде, конькичен муз тепкенде жана башкалар) адамдын бир нерсе аткарарда ээлеген абалы, өңүтү; бийдин бир бөлүгү. 4) Кишинин жана айбанаттын скульптуралык, живопистик же графикалык сүрөттөлүшү. 5) Кепке (речке) өзгөчө айкындык берчү сөз түрмөгү, стилдик ыкмалар (к. Стилистикалык фигуралар). 6) Шахматта ферздин, пилдин (слондун), аттын, ладьянын жалпы аты; городкиде – 5 городкиден турган композициянын аныктамасы; карта ойнунда – төрө карталардын (туз, найза, матке, балта) наамы.

Геометриялык фигуралар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү