Фокус (лат. focus - коломто, от) оптикадa - линзанын оптикалык огуна жарыш түшүп, андан өткөн нурлардын (же чачыраган нурлардын уландысынын) кесилишкен чекити.

Эгерде нурлар системанын башкы оптикалык огуна жарыш түшсө, Фокус башкы оптикалык окто жатат жана башкы Фокус деп аталат. Идеалдуу оптикалык системанын Фокустары фокалдык тегиздикте, ал эми реалдуу системада Фокус кандайдыр бир фокалдык бетте жайгашышы мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4