Формализм (лат.— тышкы көрүнүш) — адабият жана искусстводогу көркөм чыгарманын мазмунун жокко чыгарып, анын формасына маани берүүчү буржуазиялык искусстводогу агым. Алар чыгармаларда реалдуу окуяларды, эл турмушун сүрөттөөнү танып, искусствонун элдүүлүгүн жокко чыгармакчы болушкан. Алар көркөм чыгармаларда сюжет курулушунун формаларынын ар түрдүүлүгүн жакташкан, жаңы сөз айкаштарын, жаңы ритм, рифмаларды ойлоп табышып, аларды эч кандай максатсыз эле пайдалана беришкен. Түшүнүксүз сөздөр, интонациялар, маанисиз сүйлөмдөр алардын чыгармаларынын скелетин түзгөн. Формалисттер «искусство искуссство үчүн» деген ураанды көтөрүп чыгышкан. Мазмун өзүнө керектүү болгон форманы тандабастан, форма өзүнө керектүү мазмунду тандайт, деп эсептешкен. Формализм XIX кылымдын аягы, XX кылымдын башында өз¬гөчө күч алып, көптөгөн агымдарда футуризм, кубизим, абстракционизм, сюрреализм, экспрессионизм жана башка көрүнгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү