Фотоакустикалык кубулуш

Фотоакустикалык кубулуш - оптикалык нурлануулардын таасири аркылуу чөйрөдө үн толкундарынын пайда болушу.

Фотоакустикалык кубулуштун негизги механизми фототермиялык, электрон-деформациялык, тескери пьезоэффекттери, электр-стрикция эффектиси ж. б. менен тыгыз байланышта.

Мис., электр-стрикция эффектиси менен байланышкан Фотоакустикалык кубулуш дайыма оптикалык нурлануунун жыштык спектрин өзгөртүү менен коштолот. Бул учурда түшкөн жана чачыраган толкундардын жыштыктарынын айырмасына барабар болгон жыштыктагы гиперүндүү толкундар чөйрөдө дүүлүгөт (күчөйт). Фотоакустикалык кубулуш кубаттуу лазер нурунун катуу заттарга тийгизген таасиринин механизминде чоң роль ойнойт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4