Фотография аппараты, фотоаппарат, фотокамера - нерселердин сүрөттөлүшүн алуучу оптика-механикалык түзүлүш. Фр. ойлоп табуучу Жозеф Нисефор Ньепс ойлоп тапкан (1820).

Негизги түйүндөрү: жарык өткөрбөс камера; жарыкты сезгич материал (фотопластинка, фотоплёнка) же электр-оптикалык датчик (бергич); сезгич элементке сүрөттөлүштү түшүрүүнү камсыз кылуучу объектив; затвор (бекиткич), объективдин жапкычы, айрым цифралык (сан ариптик) Фотография аппаратында болбойт (анын функциясын электроника аткарат), көрүнүштү дааналоочу механизм; көрүнүш издегич, фотоплёнканы жылдыруучу механизм, кассета, синхрондуу контакт, фотоэкспонометр, автоматтык коё бергич (түшүргүч, ылдамдаткыч) Фотография аппараты чоң форматтуу, кууш плёнкалуу болот. Арналышына жана пайдалануу шартына жараша Фотография аппараты ышкыбоздук, адистик, атайын болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4