Фридрих Эрнст Петер Хирцебрух (англ. Friedrich Ernst Peter Hirzebruch; 1927-жылы 17-октябрь – 2012-жылы 27-май) – немис математиги, топология, комплекстүү ар түрдүүлүк жана алгебралык геометрия сыяктуу тармактарда иш жүргүзгөн окумуштуу, өз заманынын көрүнүктүү фигурасы. Окумуштуу "согуштан кийинки Германиянын эң көрүнүктүү математиги" деп аталган.

Фридрих Хирцебрух.

Өмүр таржымалы түзөтүү

 

Хирцебрух 1927-жылы Хаммда (Вестфалия) туулган. 1945-1950-жылдар арасы ал Вильгельм атындагы Вестфаль университетинде окуган, бир жылы Цүрихтеги швейциялык федералдык технология институтунда билим алган.

Сыйлыктары түзөтүү

  • Хирцебрух көптөгөн сыйлыктардан тышкары 1988-жылы Математика жаатындагы Вольф сыйлыгына жана 1989-жылы Н. И. Лобачевский атындагы сыйлыкка ээ болгон.
  • 1996-жылы Жапониянын өкмөтү окумуштууга Order of the Sacred Treasure орденин ыйгарган.
  • Хирцебрух 1999-жылы Альберт Эйнштейн медалын утуп алган, 2004-жылы Кантор медалына татыган.
  • Хирцебрух көптөгөн илимий коомчулуктардын жана академиялардын мүчөсү болгон, алардын ичинде: АКШнын улуттук илимий академиясы, Орусиянын илимий академиясы, Лондондогу королдук коомчулугу жана Франциянын илимий академиясы. 1980-81-жылдар арасы окушуштуу биринчи жолу Sackler Distinguished Lecture лекциясын Израильде окуган.

Илимий ишмердиги түзөтүү

...

Шилтемелер түзөтүү