Харам (араб. حرام)Ислам дининде жасалышы жана пайдаланышына кескин түрдө тыюу салынган нерселер. Алкоголдук ичимдиктерди ичүү, кумар ойноо, ойноштук кылуу, адам өлтүрүү, ушакчылык кылуу, жалаа жабуу ж.б. иш-аракеттер харамга жатат. Харам кылынган зат же иш-аракет өзүнүн түпкү айырмачылыгы болгон ыпластык менен жамандык себебинен улам, Ислам шариятында эзелтен харам деп белгиленген болсо, аны «түздөн-түз харам» (харам лизатихи) деп атайбыз. Мисалы: арак, чочконун эти, уурулук, ойноштук кылуу, арам малдын этин сатуу ж.б. Жалпысынан харамдар адамга таандык беш негизги баалуу дөөлөттү коргоо максаты менен тыюу салынган. Бул беш негизги баалуулуктар:

Ислам динине байланыштуу макалалар

Ислам

Islam

Ислам тарыхы

Ыйман

КелмеПериштелерЫйык китептерПайгамбарларАкыретТагдыр

Ислам негиздери

КелмеНамазОрозоАжылыкЗекет

Китептери жана мыйзамдары

КуранСүннөтХадис
Сира
ШариятМазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар (﴾ﷺ﴿) •
Адил халифтер ()
Сахабалар ()

Мусулман түшүнүктөрү

АзанБатаДааратПарзДааватТалакГусулЖин

Коомдогу орду

Ислам таанууИлим
ӨнөрМечитЖыл санакМайрамдарАялзатынын ордуЖыхад

Кошумча караңыз

Ислам порталыГлоссарий

- жан
- акыл-эс
- дин
- тукум (урпак)
- мал-мүлк болуп саналат.

Өзүндөгү түпкү айырмачылыгынан эмес, кайра белгилүү кошумча себептерден улам харам болгон нерселер «кошумча харам» (харам лигайрихи) деп аталат. Мисалы: кайсы бир халал мүлк уурдалган абалда харам болуп эсептелет. Жума намазы убагында жума намазын окууга милдеттуу эркектердин соода-сатык кылуусу кошумча харамга жатат.(Жума сүрөсү 62, 9-аят) Бул жердеги тыюу адамды эң зарыл жаматтык намаздан кур калтыруу зыянына байланыштуу аз убакытка чейин кошумча себептерден улам келип чыккан харам болот.

Харамды жасабаса чоң соопко ээ болуу мүмкүн. Харамдан сактануу адамды такыбалык мартабага жеткирет. Харам жасалса, оор күнөөгө батып, жүрөктөр карарып, ыйман алсырайт, адамдын көңүлү киргилдеп, ибадаттардан эч кандай ырахат ала албайт. Кыямат күнүнө барганда да оор азап тартат.

Ал эми шариятта айкын далилдер менен аныкталган бир харам нерсени «халал» деп эсептесе, ыйманга коркунуч туулат. Башкача айтканда, бир адам арак ичсе оор күнөөкөр болот, эгерде аракты «халал» десе, өмүрүндө ичимдик ичпесе да динден чыгат. Себеби бул жерде Алла Тааланын көрсөткөн өкүмүн жокко чыгаруу маселеси жатат. Алла Таала Өзү сактасын, кудум «ал билбейт, мен билем» дегендей иш. Андыктан харамды «халал» дегендик каапырлык болуп саналат.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү