Хонгха, Кызыл-Суу - Кытай менен Вьетнамдагы дарыя.

Хонгха
Хонгха (Юньнань)
Хонгха (Юньнань)
Мүнөздөмө
Узундугу 1 183 км
бассейндин аянты 158 км²
Бассейн Хонгха
Суу чыгымы 3800 м³/с

Уз. 1183 км, алабынын аянты 158 миң км2. Юньнань тайпак тоосунан башталып, тоо аралай, төмөн жагында Бакбо түздүгү аркылуу агат да, Түштүк Кытай деңизиндеги Бакбо булуңуна куят. Орточо чыгымы 3800 м3/сек. Жайында кирип, деңгээли 10-12 жге чейин көтөрүлөт. Агып келген шилендилер (жылына 130 млн г) суусуна кызыл түс берип турат. Суу ташкынынан сактаныш үчүн жээктерине тосмо курулган. Негизинен сугатка пайдаланылат. Х-нын дельтасы (аянты 15 миң кмг) Вьетнамдын шалы өстүрүүчү негизги аймагы. Төмөнкү агымында кеме жүрөт. Боюнда Ханой ш., дельтасында Хайфон деңиз порту жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4